Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:12

Трамп Конгресстен телефону тыңшалганын иликтөөнү суранды


Президент Дональд Трамп Конгрессте кайрылуу жасаган учур. 28-февраль, 2017-жыл.
Президент Дональд Трамп Конгрессте кайрылуу жасаган учур. 28-февраль, 2017-жыл.

АКШ президенти Дональд Трамп Конгресстен мурдагы президент Барак Обаманын администрациясы “иликтөөчү ыйгарым укуктарын” былтыркы шайлоо өнөктүгү учурунда ашыкча колдонгон-колдонбогонун иликтөөнү суранганын Ак үй билдирди.

Ак үйдүн 5-марттагы бул билдирүүсү алдында президент Трамп өзү Барак Обаманы былтыркы өнөктүктүн жүрүшүндө анын Нью-Йорктогу кеңсесинин телефондорун тыңшаганы үчүн айыптаган, бирок кандайдыр бир далилдерди келтирген эмес.

Обаманын басма сөз өкүлү бул ырастоону “калп” деп четке какты.

Ак үйдүн басма сөз катчысы Шон Спайсер белгилегендей, “президент Трамп Конгресстин Чалгын комитетинен Орусия ишмердиги боюнча иликтөөсүнө кошумча аткаруу бийлигинин иликтөө ыйгарым укугу 2016-жылы кыянат пайдаланылган-пайдаланылбаганын аныктап берүүнү да суранууда”.

Спайсердин айтымында, мына ушундай иликтөө аяктамайынча Ак үй да, президент да бул маселени мындан ары комментарийлебейт. (UE)

XS
SM
MD
LG