Кыргызстандын хоккей федерациясы менен Орусия Федерациясынын хоккей федерациясы 4-мартта Бишкекте кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту.
Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин маалымат кызматы билдиргендей, келишимге ылайык, спортчуларды машыктырууда орусиялык тренерлер тартылат:
- Бизде машыктыруучулар жетишпейт. Бул жаатта орусиялыктарда тажрыйба көп.Ошондуктан Орусиянын машыктыруучулары келип тажрыйбалары менен бөлүшүп, семинарларды өткөрүшсө деп сүйлөштүк, - деди Кыргызстандын хоккей федерациясынын президенти Анварбек Оморканов. (ECh)