Бул тууралуу “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Алманбет Шыкмаматов “Азаттыкка” билдирди:
- Комиссиянын милдети Саляновага козголгон кылмыш иштин мыйзамдуулугуна баа берет. Кылмыш ишинин козголушунда саясий мотив барбы, бул саясий куугунтук эмеспи деген маселенин тегерегинде иштейт.
Депутаттык комиссия тергөөгө кийлигишпейт. Анын курамына Социал-демократтар фракциясынан 4, “Республика Ата-журт” фракциясынан 3, калган фракциялардан бирден депутат кирген.
Аида Салянованын фракциялаштары комиссия түзүү сунушун бир аптадан бери сунуштап келаткан.
8-февралдагы отурумда спикер Чыныбай Турсунбеков бул маселени добушка коюп, ал депутаттардын колдоосун тапкан эле.
Аида Саляновага 2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турган кезде Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевге адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узартып берген деген негизде Башкы прокуратура кылмыш ишин козгогон. Тергөөнү УКМК өз колуна алган.
Салянова мыйзамды бузбаганын айтып, айыпты четке кагып келет. 1-февралда ал УКМКга беш саатча сурак берип чыккан.(ZKo)