Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:18

Назарбаев жаңы экономикалык планын жарыялады


Нурсултан Назарбаев
Нурсултан Назарбаев

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев 30-январдагы атайын билдирүүсүндө жаңы экономикалык стратегиялык планын жарыялады.

Теледен кайрылган Назарбаев өз планын Казакстандын экономикалык өнүгүүсүнүн үчүнчү стадиясы деди. Ал 2025-жылга чейинки убакытты камтыйт.

Президенттин айтымында, жаңы план заманбап технологияларды экономикага алып келүү, кичи жана орто бизнеске мамлекеттик көзөмөлдү азайтып, эркиндик берүү менен жаңы мүмкүнчүлүк түзүү зарылдыгынан улам жазылууда.

Пландын толук тексти 31-январда маалымат каражаттарына чыгары белгиленген.

Бул казак президентинин акыркы беш күндөгү экинчи кайрылуусу. 25-январда Назарбаев президенттик ыйгарым укуктарынын айрымдарын парламент менен өкмөткө берүү үчүн конституцияга өзгөртүү киргизүүнү сунуштаган.

XS
SM
MD
LG