Кыргызстандын Транспорт прокуратурасы Чүй аймагында кулаган Боинг-747 үлгүсүндөгү учак кырсыгы боюнча кылмыш ишин козгоду. Аталган мекемеден кабарлашкандай, окуя Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси – “Аба транспортторун колдонуудагы коопсуздук чараларын бузуп, бир канча кишинин өлүмүнө себепкер болуу” беренеси менен иликтенүүдө.
Бүгүн эртең менен Боинг-747 үлгүсүндөгү жүк учагы Чүй облусунун аймагында кулап, 30дан ашуун адам мерт кетти. Дача айылында жыйырмадан ашуун турак-жай кыйрады. Набыт болгондордун төртөө экипаж мүчөлөрү, калгандары жайкын тургундар экени кабарланды. Арасында балдар да бар.
Алдын ала маалыматтарга караганда, Гонконгдон Стамбулга бараткан учак май куюу үчүн "Манас" абамайданына конууга аракет кылган. Ал “Түрк аба жолдору” компаниясына таандык экени маалымдалган.
Окуяны министрлерден куралган өкмөттүк комиссия иликтеп жатат. Божомол боюнча, кырсыкка катаал аба ырайы себеп болушу ыктымал. (SE)