Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:26

“Адилет” укук клиникасы: депутат Карамушкина өз укугунан аша чабууда


Иллюстрация
Иллюстрация

Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкинанын УКМКга жазган каты боюнча “Адилет” укуктук клиникасы Башкы прокуратура жана парламент төрагасына кат жолдоду.

Аталган клиниканын жетекчиси Чолпон Жакупованын “Азаттыкка” билдиришинче, депутат Карамушкина өз укуктарынан аша чаап, УКМКны социалдык түйүндөгү бийликке терс пикир айткан колдонуучуларды ооздуктоого түртүүдө. Мындан улам Башкы прокуратура депутаттын жана УКМКнын ишмердүүлүгүнө баа бериши керек.

- Депутат Конституциянын негизинде иш алып барышы керек. УКМКда социалдык түйүндөгү бийликти сындагандарды жоопкерчиликке тарта турган укук жок. УКМК улуттук коопсуздукту камсыз кылуу ордуна депутаттын суроо-талабын ишка ашырып жатат. Бул аракет коомчулукта абдан терс кабыл алынууда.

Чолпон Жакупова каттын бир көчүрмөсүн парламент спикерине жөнөтүп, Жогорку Кеңеш депутаттары Карамушкинанын аракетин этика комитетинде карап, баа бериши керектиги жазылган.

10-январда интернетте Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрага орун басары Болот Сүйүнбаевдин Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын депутаты Ирина Карамушкинага жөнөткөн каты жарыяланган. Анда атайын кызмат Фейсбукта президентке акарат келтирди деген жалпысынан 45 адам аныкталганы айтылат жана онунун аты-жөнү ачык көрсөтүлгөн. (SDz)

XS
SM
MD
LG