Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:48

Казакстандын мурдагы экономика министри кармалды


Казакстандын мурдагы экономика министри Куандык Бишимбаев.
Казакстандын мурдагы экономика министри Куандык Бишимбаев.

Казакстандын мурдагы улуттук экономика министри Куандык Бишимбаев пара алган деген шек менен кармалды. Жергиликтүү маалымат каражаттары Коррупцияга каршы күрөшүү улуттук агенттигине шилтеме кылып жазгандай, ал Астананын Ички иштер департаментинин убактылуу кармоочу жайына камалды.

Кабарларга караганда, экс-министр бир нече ирет ири көлөмдөгү пара алган деп шектелүүдө.

37 жаштагы Бишимбаев бир ай мурда кызматынан алынган. Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Ички иштер министрлигинин жетекчилиги менен жолугуп жатып Бишимбаев “Байтерек” холдингиндеги ишмердүүлүгүнө байланыштуу кызматтан алынганын билдирген.

"Байтерек” улуттук холдингине караштуу “Байтерек DEVELOPMENT" компаниясынын жетекчилигине карата сотко чейинки антикоррупциялык иликтөө 2016-жылдын ноябрь айында башталган.

XS
SM
MD
LG