Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:06

Косово Францияны Харадинайды бошотууга чакырды


Харадинайдын тарапкерлери Франциянын Приштинадагы элчилигинин алдында нааразылык билдирип чыгышты, 6-январь 2017-жыл.
Харадинайдын тарапкерлери Франциянын Приштинадагы элчилигинин алдында нааразылык билдирип чыгышты, 6-январь 2017-жыл.

Косово француз бийлигине кайрылып, мурдагы премьер-министри Рамуш Харадинайды бошотууга чакырды. Харадинай Сербиянын согуш кылмыштары боюнча айыптоолорунан улам 4-январда Франциянын чыгышындагы аэропортко учуп келгенде камакка алынган.

Бейшембиде француз соту 1998-99-жылдардагы Косово согушунда партизандык топторду жетектеген Харадинайды Белграддан экстрадиция өтүнүчү келгенге чейин абакта кармоо чечимин чыгарган. Косовонун премьер-министри Иса Мустафа бул чечимди “мыйзамдык негизи жок” деп мүнөздөдү.

Сербия 2008-жылы көз карандысыздыгын жарыялаган Косовонун өкмөтүн 2004-2005-жылдары жетектеген Рамуш Харадинайды согуш кылмыштары боюнча айыптап келет. Косовонун өкмөтү Сербиянын айыптоолорун четке каккан.

XS
SM
MD
LG