Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:41

Президент Атамбаев Конституцияны өзгөртүү боюнча мыйзамга кол койду


Референдум.
Референдум.

Президент Алмазбек Атамбаев 11-декабрда өткөн референдумда кабыл алынган Конституцияны өзгөртүү боюнча мыйзамга кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Баш мыйзамды өзгөртүү Кыргызстандын эгемендигин жана суверендүүлүүгүн бекемдөө, парламентеризмди бекемдөө, аткаруу жана мыйзам чыгаруу бийлик органдарынын кызматташуу принциптерин тактоо, сот жана укук коргоо органдарын реформалоону улантуу үчүн конституциялык негизди жакшыртууга багытталганы айтылат.

Мыйзамдын тексти “Эркин тоо” гезитинин 30-декабрдагы санына жарыяланат. Ошондой эле мыйзам жарыялангандан он беш күндөн соң күчүнө кирет. Бирок премьер-министр жана парламенттин айрым ыйгарым укуктары боюнча беренелер 2017-жылдын 1-декабрынан тарта күчүнө кирмекчи.

Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдум 11-декабрда өттү. Ага жалпы шайлоочулардын 42 пайызы катышкан. Анын 79 пайыздан ашыгы Баш мыйзамды өзгөртүүнү колдогон.

Оппозиция Конституцияны өзгөртүүгө каршылыгын билдирип келет.(BkA)

XS
SM
MD
LG