Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:26

Түркия: төңкөрүш аракети боюнча алгачкы сот башталды


Түркия.
Түркия.

Стамбулда 27-декабрда башталган соттук териштирүүдө мурдагы 29 полиция кызматкерине айып тагылды. Аларга "конституциялык түзүлүштү кулатууну көздөгөн, террордук уюмга мүчө" деген өңдүү ар кандай күнөө коюлган. "Анадолу" мамлекеттик агенттигинин маалыматы боюнча, прокурорлор 21 адамды өмүр бою абакка кесип, калган сегизине жети жарым жылдан он беш жылга чейин жаза берүүнү сурап жатат.

270 адам каза тапкан 16-июлдагы окуяларга шектүү делип жалпысынан 40 миңден ашык адам кармалган. Он миңдеген адам иштен айдалган. Расмий Анкара Гүлендин “Хизмет” кыймылы менен байланышта болгон бардык уюмдарды FETO деп атап, төңкөрүшкө умтулган, “террорчулар” катары күнөөлөп келет. Гүлендин миңдеген тарапкерлерин жумуштан айдап, куугунтуктоодо. АКШда жашаган диний аалым Фетхуллах Гүлен аны куру доомат катары сыпаттап, төңкөрүштү бийлик атайылап уюштурганын билдирген.

XS
SM
MD
LG