Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:23

Гүлен орус элчисинин өлүмүнө байланыштуу айыпты четке какты


АКШда бозгунда жашаган Фетхуллах Гүлен түрк бийлигинин орусиялык элчинин өлүмү боюнча айыптоолору дүйнөнү ынандыра албайт деди.

Буга чейин түрк президенти Режеп Тайип Эрдоган иликтөөнүн алдын ала маалыматтары элчини өлтүргөн адам Гүлендин уюму менен байланышта экенин ачыктаганын айткан.

- Эң коркунучтуусу, мындан кийин да ушул сыяктуу киши өлтүрүүлөргө да “Кызмат” кыймылын күнөөлөөгө аракет кылышат. Балким, дүйнө алардын айтканына күлүп, ишенишпейт чыгаар. Бүтүндөй дүйнө аларды шылдыңдап, ишенишпейт, - деди Гүлен.

Түрк бийлиги быйыл июлдагы төңкөрүш аракетин Гүлендин уюму уюштурду деп айыптап, ага катышы бар деген он миңдеген адамдарды камап жана ишинен айдаган.

Орусиянын Түркиядагы элчиси Андрей Карлов 19-декабрда сүрөт көргөзмөсү учурунда атып өлтүрүлгөн. Ага ок ачкан адам Алеппо үчүн өч алып жатканын айтып кыйкырган. Карлов бүгүн Москвада жерге берилди.

XS
SM
MD
LG