Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:21

Текебаев Сузак менен Базар-Коргонго шаар макамын берүүнү сунуштады


Сузак.
Сузак.

Парламенттеги "Ата Мекен" фракциясынын лидери, депутат Өмүрбек Текебаев Жалал-Абад облусунун Сузак жана Базар-Коргон айылдарына "шаар" макамын берүү демилгеси менен чыкты. Ал мындай сунушту премьер-министр Сооронбай Жээнбековго жолдоду. Аталган фракциянын катчылыгынан "Азаттык" радиосуна билдиришкендей, бул айылдар жашоосу, калктын саны боюнча мурун эле мындай макам алышы керек болчу.

"2013-2017-жылдарга туруктуу өнүгүү боюнча улуттук стратегияда аймактарды өнүктүрүү маанилүү маселе катары көрсөтүлгөн. Аларды өнүктүрүү үчүн укуктук макам чоң роль ойнойт" деп айтылат фракция тараткан маалыматта.

Сузакта азыр 26,9 миң киши жашайт, айылда беш мектеп, үч бала бакча жана райондук оорукана бар. Базар-Коргонду 34,2 миң калк байырлап, 8 мектеп, он бала бакча иштейт. (NT)

XS
SM
MD
LG