Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:52

БУУ: Алепподо ондогон жайкын тургун атылган


Алеппонун уруш аймактарынан качкандар. 13-декабрь, 2016-жыл.
Алеппонун уруш аймактарынан качкандар. 13-декабрь, 2016-жыл.

БУУнун Адам укуктары кеңсеси бүгүн билдиргендей, Алеппонун чыгышында Сириянын өкмөтчүл күчтөрү турак үйлөргө кирип, жайкын тургундарды жеринде атып салганы тууралуу маалыматтарды алууда.

Өкмөтчүл күчтөр көзөмөлүн күн сайын күчөтүп бара жаткан бул шаардын төрт районунда 82 жайкын тургун, анын ичинде 11 аял жана 13 жаш бала жеринде атылганы боюнча ишенимдүү далилдер бар.

БУУнун Адам укуктары боюнча кеңсесинин өкүлү Руперт Колвилл бүгүн Женевадагы басма сөз жыйында белгилегендей, мындай мыкаачылыктар акыркы күндөрү жасалган жана дагы көбөйгөн да болушу мүмкүн.

Алеппо шаарынын чыгышында “мыкаачылыктар” болуп жатканын 12-декабрда БУУнун гуманитардык иштер боюнча кеңешчиси Ян Егеланд да билдирген.

Ал Twitter социалдык түйүнүндөгү баракчасы аркылуу жазгандай, “Алепподогу ар бир жана бардык мыкаачылыктар үчүн Сириянын жана Орусиянын өкмөттөрү жоопкер”.

Алеппонун чыгыш ыптасын төрт жылдан бери ээлеп турган жана президент Башар Асаддын режимине каршы урушкан козголоңчулар азыр жеңилүүнүн босогосунда турушат.

Орус армиясы өкмөттүк күчтөр учурда шаардын 95% көзөмөлдөп жатканын билдирүүдө. Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясынын директору Абдел Рахмандын айтымында да, бул жердеги уруштун “аягына чыгышы аз гана убакыттын маселеси болуп калды”. (UE)

XS
SM
MD
LG