Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:22

Төрөбаев: Шайлоодо бурмалоо болгону жатат


Бакыт Төрөбаев
Бакыт Төрөбаев

Кыргызстанда кийинки айда өтө турган жергиликтүү кеңештерди шайлоодо бийлик бурмалоо уюштурганы жатат. Мындай кооптонуусун бүгүн парламент жыйынында "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев билдирди. Ал бул өнөктүк таза жүрбөй жатканын айтты:

- Жергиликтүү кеңештерге шайлоодо фальсификация болгону жатат. Октябрь районунда бир дарекке кеминде 5-6, жада калса 25 кишиге чейин отуругузуп жатышат. Башка райондорду айтпай эле коеюн.

Бакыт Төрөбаевдин бул айыптоосун парламенттеги башкаруучу коалициянын жетекчиси, КСДП фракциясынын лидери Иса Өмуркулов төгүндөдү.

- Кыргызстанда шайлоочуларды ташып келип добуш бердирүү сыяктуу көрүнүш токтогон. Биометрикалык каттоо боюнча добуш берүү бир адамдын бир нече жолу добуш берүүсүнө жол бербейт, - деп айтты Өмуркулов.

11-декабрда Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өтөт.(RK)

XS
SM
MD
LG