Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:18

Бурундиде 600 миңдей адам ачка жашайт


Бурунди жашоочусу.
Бурунди жашоочусу.

Борбордук Африкадагы Бурунди өлкөсүндө ачарчылыкта күн кечирип жаткан адамдар 600 миңге чамалады. Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк программасы бул сан жакын арада 700 миңге жетиши ыктымалдыгын билдирүүдө.

Бурундинин түндүк жана чыгыш тарабындагы эл былтыркы кургакчылыктан жана суу ташкындарынан соң ушундай абалга кептелген.

Ачарчылыктан тышкары бул мамлекетте саясий кризис да өкүм сүрүүдө. Өлкөдө улам-улам куралдуу кагылышуулар болуп турат. (SE)

XS
SM
MD
LG