Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:55

БШК Мискенбаевдин арызын карайт


Мээрбек Мискенбаев.
Мээрбек Мискенбаев.

Борбордук шайлоо комиссиясынан "Азаттык" радиосуна билдиришкендей, депутат Мээрбек Мискенбаевдин мандат тапшыруу боюнча арызы бүгүн каралат.

КСДП фракциясынын депутаты Мээрбек Мискенбаев 28-октябрда мандат тапшырып, бул кадамын парламенттин саясий оюндардын чордону экенине көзү жеткени менен түшүндүргөн. Мындан улам өз каалоосу менен депутаттыктан кете турганын жана “Айкөл Ала-Тоо” коомдук бирикмесинде 2010-жылдын 7-апрелинде жабыркагандардын укугун коргоо менен иштөөнү улантарын билдирген.

Мээрбек Мискенбаев былтыркы парламенттик шайлоодон соң мандат алган. Жогорку Кеңештеги бир катар билдирүүлөрү коомчулуктун сынына кабылды. Айрым сунуштарынан улам кесиптештеринен жана спикерден жеме уккан учурлары болгон. (NT)

XS
SM
MD
LG