Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:50

Орусия Алеппого сокку урууну токтотту


Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу.
Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу.

Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгунун 18-октябрдагы билдирүүсүнө караганда, Орусия жана Сирия аба күчтөрү шейшемби күнү Сирия убактысы боюнча саат 10:00 тарта Алеппо шаарына сокку урууну токтотту. Мындай маалымат Британияда жайгашкан Сирия адам укуктары боюнча уюму Орусияга Алеппого абадан соккуну күчөткөнүн кабарлагандан кийин келди.

Орусия 20-октябрда сегиз саатка Алеппого абадан соккусун токтоторун, бул мезгилде жоочуларга жана тынч жарандарга шаардан чыгып кетүүгө мүмкүнчүлүк берилерин 17-октябрда билдирген эле. Бириккен Улуттар Уюму ок атууну токтотууну кубаттап, бирок ал жардам жеткирүүгө жана жарандарды чыгарып кетүүгө өтө эле аз убакыт экенин билдирген. Кошмо Штаттар Орусия демилгесин “өтө кеч жана өтө кыска” деп атады. (AiT)

XS
SM
MD
LG