Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:23

Атамбаев Куралдуу күчтөрдөгү коррупцияга көңүл бурду


Атамбаев Башкы штаб жетекчиси Раимберди Дүйшөнбиевди кабыл алды.
Атамбаев Башкы штаб жетекчиси Раимберди Дүйшөнбиевди кабыл алды.

Президент Алмазбек Атамбаев аскер кызматчыларынын тартибин чыңдоо жана Куралдуу күчтөрдөгү коррупцияны жоюу боюнча ишти күчөтүүнү тапшырды. Мындай тапшырманы өлкө башчысы Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын башчысы Раимберди Дүйшөнбиевди кабыл алууда берди. Анда президент аскер кызматкерлерин катарын тазалоого көңүл бурууга чакырды.

Президент Башкы штабдын башчысын армиядагы бир катар чырлуу иштерден кийин кабыл алды. Буга чейин Куралдуу күчтөрдүн Генералдык штабы Коргоо иштери боюнча комитет төрагасынын айдоочусу менен Чек ара кызматынын прапорщиги курал-жарак сатууга айыпталып кармалган эле. Комитет төрагасынын айдоочусу Калашников үлгүсүндөгү үч автоматты сатууга айыпталган эле. Ал эми Чек ара кызматынын кампасынан 26 автомат, 14 тапанча жана 13 миңден ашуун ок уурдалганы белгилүү болгон. Бул окуядан кийин Чек ара кызматынын төрага орун басары кызматтан бошотулган.(BkA)

XS
SM
MD
LG