Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:17

Физика боюнча Нобел сыйлыгы британ окумуштууларына ыйгарылды


Быйылкы Нобел сыйлыгын алган физиктер: Дэвид Таулес, Майкл Костерлитц жана Данкан Хелдан.
Быйылкы Нобел сыйлыгын алган физиктер: Дэвид Таулес, Майкл Костерлитц жана Данкан Хелдан.

Швециянын падышалык илимдер академиясы бүгүн жарыялагандай, быйылкы сыйлык британиялык физиктер Дэвид Таулес, Майкл Костерлитц жана Данкан Хелданга топологиянын фазалык өткөөлдөрүн изилдөөгө кошкон салымы үчүн берилди.

Комитеттин чечиминде көргөзүлгөндөй, британиялык илимпоздор «топологиянын фазалык өткөөлдөрүндө жана материянын топологиялык фазаларында» теоретикалык илимий ачылыштарды жасоо менен материялар ойку-кайкы абалда боло алуучу белгисиз дүйнөнүн эшигин ачышты.

Алардын илимий эмгегинин практикалык мааниси жаңы материалдарды жасоого мүмкүндүк бергенинде.

Үч окумуштуу 8 миллион швед кронун же 930 миң АКШ долларын бөлүп алышат.

Нобел сыйлыгы 1901-жылы негизделгенден бери физика тармагынан аны 200дөй окумуштуу алган. (UE)

XS
SM
MD
LG