Индиянын маалымдоосу боюнча, ок атуучу куралдар жана гранатомет менен жасалган чабуулда бир аскер набыт болду. Барамулла шаарына жакын жердеги гарнизондо болгон атышуу 3-октябрдын таңына чейин созулган.
Мындан үч күн мурун Индия Пакистан тараптагы террорчуларга “хирургиялык сокку” урганын жарыялап, андан Пакистандын эки аскери окко учканы кабарланган. Эки кошуна мамлекеттин мамилеси 18-сентябрда Индиянын аскерий базасына жоочулар кол салып, 18 аскер өлгөндөн кийин начарлап кетти. Индия Пакистанды террорчуларды колдойт деп айыптаган. Пакистан аны четке каккан.
Кашмир регионун 1947-жылдан бери эки өлкө талашып келет. (AiT)