Орусия президенти Владимир Путин Алмазбек Атамбаевдин туулган күнүнө белеги менен келет. Бул тууралуу Путиндин жардамчысы Юрий Ушаковго таянып, РИА-Новости кабарлады.
Ушаковдун айтымында, Бишкекте 16-17-сентябрга белгиленген КМШ өлкө башчыларынын саммити Атамбаевдин 60 жылдык юбилейине туш келгендиктен, Путин бир катар белек камдаган, анын бири - мамлекет аралык кызматташуу жаатында.
Бүгүн башталган саммиттин расмий ачылышы Путиндин кечиккенине байланыштуу эки саатка жылдырылып, 18:00гө белгиленген.
Кыргызстан жана Орусия президенттеринин жолугушуусу Атамбаевдин туулган күнүндө - 17-сентябрда эртең менен болот.
Саммитке Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Орусия, Армения, Азербайжан жана Беларус президенттери, Молдованын өкмөт башчысы, Өзбекстандын тышкы иштер министри, Түркмөнстандан премьер-министрдин жардамчысы, Украинадан элчи катышат.
1991-жылы түзүлгөн КМШга быйыл Кыргызстан төрагалык кылып жатат.