Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:41

АКШда 11-сентябрь курмандыктары эскерилүүдө


11-сентябрь окуясын эскерүү
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:01 0:00

11-сентябрь окуясын эскерүү

АКШнын Нью-Йорк жана башка шаарларында 2001-жылдын 11-сентябрындагы террордук чабуулдардын 15 жылдыгы эскерилүүдө. Бул күнү теракт учурунда каза болгондордун ысымдары окулуп, коңгуроолор кагылууда. Кечинде Бүткүл дүйнөлүк соода борборунун мунаралары турган жерде шамдар жагылат.

Бул иш-чаралар эгиз мунаралардын ордуна курулган бассейндин жанында өтөт. Ага полициянын ардактуу кароолу жана өрт өчүргүчтөр катышат. 2001-жылдын 11-сентябрында 340дан ашык өрт өчүргүч жана 60дан ашык полиция кызматкери ажал тапкан. Өрт өчүргүчтөрдүн көпчүлүгү имараттын ичиндегилерди куткарууга аракет кылып жатып каза болгон.

Кошмо Штаттардын президенти Барак Обама радио аркылуу ар ишембиде жасачу кайрылуусунда бул күндү эң кайгылуу күн деп атап, бирок америкалыктарды эл катары аныктачу баалуулуктарды сакталып калганы белгиледи.

Бүгүн кырсык болгон жерге АКШнын президенттигине талапкерлер Хиллари Клинтон менен Дональд Трамп барары күтүлүүдө.

2001-жылдын 11-сентябрында жанкечти террорчулар төрт жарандык учак менен Нью-Йоркто жана Вашингтондо чабуулдарды жасашкан. Алардын ичинен эки учак Нью-Йорктогу Бүткүл дүйнөлүк cоода борборунун кош имаратын, үчүнчү учак Вашингтондогу Пентагондун имаратын сүзүп, ал эми төртүнчү учак болсо Пенсильванияга кулаган. Бул чабуулдардан үч миңден ашык адам каза болгон.

XS
SM
MD
LG