Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:14

НАСАнын космостук аппараты Бенну астероидине карай жети жылдык сапарын баштады


Бенну астероиди
Бенну астероиди

Американын космостук аппараты Жерге жакын астероиддердин бирине карай жети жылдык сапарын баштады. Бейшембинин кечинде АКШнын космостук агенттиги НАСА Флоридадагы Канаверал космодромунан "Осирис" робот зондун учурду. Ал Бенну астероиди менен жолугуп, үстүнөн чаң жана топурактын үлгүсүн алыш керек болот.

Кийин алар атайын лабораторияда изилденет. Бенну астероиди эң байыркы деп эсептелет. Анын кычкылтек фрагменттери Күн системасынын пайда болушу, ааламда жашоонун жаралышы тууралуу көптөгөн суроолорго жооп алууга жардам берет деген үмүт бар.

«Осирис» Жерге 2023-жылдын сентябрында кайтып келет деп болжолдонууда.

Бенну астероиди менен Жердин ортосундагы аралык 225 миллион километр. (RK)

XS
SM
MD
LG