Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:34

Абэ Путинди талаштуу аймак боюнча ымалага келүүгө чакырды


Жапон премьери Синдзо Абэ жана орус президенти Владимир Путин
Жапон премьери Синдзо Абэ жана орус президенти Владимир Путин

Владивостокто өтүп жаткан Чыгыш экономикалык форумунда Жапония өкмөт башчысы Синдзо Абэ Орусия президенти Владимир Путинди эки өлкө ортосундагы талаштуу аймак боюнча ымалага келүүгө чакырды. Абэ “өткөн күндү аралаштырбай, алга кароо керектигин” белгилеп, Орусия менен Жапониянын экономикасы атаандаш эместигин айтты.

Андан мурдараак Путин менен Абэнин жолугушуусу болуп, мамлекеттер аралык маселелерди тынчтык жолу менен чечүү зарылдыгын белгилешкен. Эки лидердин кийинки жолугушуусу декабрда өтөт.

Экинчи Дүйнөлүк согуш аяктагандан кийин Орусия менен Жапония ортосунда тынчтык келишими түзүлгөн эмес. 1956-жылы СССР жана Жапония Москва декларациясын кабыл алып, ортодогу араздашуу расмий токтогон.

Макулдашууда Курил аралын Жапония өзүнүкү деп белгилеген. Бирок Чыгыш экономикалык форумуна чейин Путин арал берилбей турганын билдирген.

XS
SM
MD
LG