Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:26

АКШ: Хакердик чабуулдар тууралуу маалымат текшерилет


АКШнын Федералдык иликтөө бюросуна "Орусия АКШдагы президенттик шайлоону үзгүлтүккө учуратууга аракет жасап жатат" деген кооптонуунун чын-төгүнүн изилдеп чыгуу тапшырмасы берилди.

Сенаттагы демократтардын лидери Гарри Рид кол койгон катта "кансыз согуштан" бери алгачкы жолу АКШдагы демократияга олуттуу коркунуч жаралып жатканы айтылат.

АКШнын Федералдык иликтөөлөр бюросу кеминде эки жерде шайлоочулардын онлайн системасы хакерлердин чабуулуна кабылганын, буга Орусия жана башка мамлекеттер каржылаган, АКШдагы президенттик шайлоону үзгүлтүккө учуратууга кызыкдар күчтөр барды деп айткан болчу.

Бирок орус президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Орусия АКШнын шайлоо системасын бузууга аракет жасаган деген айып негизсиз деп кечээ билдирди.

"Мындай жалаага биз көңүл бурбайбыз" деди ал.

Мамлекеттик базада шайлоочулардын аты-жөнү, жашаган жери жана башка жеке маалымат сакталат.

Июль айында Иллинойс штатындагы базадан 200 миң шайлоочу тууралуу маалымат уурдалганда система 10 күндөй иштебей турган.

Президенттик шайлоо АКШда быйыл күзүндө өтөт. (RK)

XS
SM
MD
LG