Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:41

Бишкекте “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун мүчөсү кармалды


Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы террористтик уюмдарга жарандарды азгырып жүргөн адамды кармады. Кармалган адам 1973-жылы туулган, Орусияны жараны, Бишкекте убактылуу батирде жашап келген. Ал Ысык-Көл жана Бишкектин аймагындагыларды тыюу салынган экстремисттик топтордун катарына кошулууну үгүттөп жүргөн. Бишкек ШИИББнын маалымат кызматкери Олжобай Казабаевдин “Азаттыкка” билдиришинче, кармалган адамдын улуту чечен экенин аныктады.

- Милиция жашаган батирин тинткен учурда “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун желектери, жарылуучу граната, ок-дарылар, экстремисттик адабияттагы китептер, СD-диск, флешка жана башка тыюу салынган буюмдар табылган.

Учурда тергөө иштери дайындалып, кармалган адам менен байланышы барлар болушу мүмкүндүгү аныкталып, такталууда. (SDz)

XS
SM
MD
LG