Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:42

Эквадор шведдерге Ассанжды суракка алууга уруксат берди


Жулиан Ассанж Эквадордун Лондондогу элчилигинде журналисттердин суроолоруна жооп берүүдө. 5-февраль, 2016-жыл
Жулиан Ассанж Эквадордун Лондондогу элчилигинде журналисттердин суроолоруна жооп берүүдө. 5-февраль, 2016-жыл

Эквадордун Тышкы иштер министрлиги тергөө алардын Лондондогу элчилигинде өтөөрүн, датасы жакын арада макулдашыларын билдирди.

АКШ баштаган көптөгөн өлкөлөрдүн жашыруун иштерин ачыкка чыгарган WikiLeaks сайтынын ээси, австралиялык Жулиан Ассанж 2012-жылдын июнунан бери Эквадордун Лондондогу элчилигинде жашайт. Ошол жылдын августтунда ага саясий баш паанек берилген.

Ассанж элчилик имаратынан чыкса Швецияга экстрадицияланышы мүмкүн. Швеция аны зордуктоо боюнча айыптап келет. Ассанж өзү швед бийлиги аны WikiLeaks сайтындагы ишмердиги үчүн АКШга өткөрүп берет деп чочулайт.

2016-жылдын февралында БУУнун адамдын кол тийбестиги боюнча комиссиясы Ассанждын Лондондогу элчиликтен чыга албай турушун Британия жана Швециянын мажбурлап кармоосу деп тааныган. Ошондой эле комиссия Ассанж эркиндикке чыгууга жана компенсация алууга укуктуу деп тапкан.

XS
SM
MD
LG