Кыргызстанда 1 АКШ доллары 69 сомго жакындады. Бүгүн Бишкек шаарындагы акча алмаштыруучу жайларда доллардын сатуудагы курсу 68 сом 65 тыйын, сатып алуу 68 сом 50 тыйынды түздү. Улуттук банктын расмий курсунда да ушундай эле көрсөткүч катталып, доллар 0,16 пайызга өскөнү кабарланды.
Жыл башында доллар 77 сомго чыгып, бир канча жолку интервенция менен сомго болгон катышы 66 сомго чейин түшкөн болчу.
Ал эми 1 евро ушул тапта 76 сомдон жогорулап, бир апта мурдагыга салыштырмалуу 0,31 пайызга өстү. Ал эми 1 рубль – 1 сом 3 тыйынга барабар болуп, өткөн жумадагы турумунан 1,42 пайызга кымбаттады. (SE)