Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:44

Обама: ИМ террордук тобу алсырап баратат


Барак Обама.
Барак Обама.

АКШ президенти Барак Обама жума күнү “Ислам мамлекети” террористтик тобу алсырап баратканын билдирди.

Анын оюнча, Ирак менен Сириядагы жихадчыларга каршы аскердик аракеттер жемишин берүүдө. Буга карабастан, аталган топтун мүчөлөрү дале кооптуу жана Европа өлкөлөрүндө теракттарды уюштурууда.

Ошол эле учурда Обама бул күрөштү “цивилизациялар кагылышы” деп атоо жаңылыш экенин, анткени террорчулар “исламды туура эмес чечмелеп” жатышканын белгиледи.

Ошондой эле Обама жакын арада жихадчылар ээлеп алган ири шаарлар – Сириядагы Ракка менен Ирактагы Мосулдан сүрүлөрүн кошумчалады. Апрель айында АКШ президенти “Ислам мамлекети” террордук тобу Жакынкы Чыгыштагы позицияларын жоготуп, коргонууга өткөнүн билдирген.

XS
SM
MD
LG