Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:51

Атамбаев: президенттиктен кийин өкмөт башчылык кызматка барбайм


Алмазбек Атамбаев
Алмазбек Атамбаев

Президент Алмазбек Атамбаев мамлекет башчылыктан кеткенден кийин премьер-министр кызматына барбайт. Конституцияны өзгөртүү демилгеси анын өкмөт башчылыкка келүүсүнө жол ачпайт. Бул тууралуу бүгүн Ысык-Көлдөгү “Рух-Ордо” комплексинде уюштурулган маалымат жыйында билдирди.

- Эгер мен кааласам, парламенттин катышуусу жок эле референдум уюштурмакмын. Премьер-министрлик кызматка баруум үчүн 300 миң кол чогултсам жетиштүү болмок. Анүстүнө мага аймактардан экинчи ирет президент болуумду суранган сунуштар келип жатат, - деген президент кийинки шайлоого катышпай турганын билдирди.

Мамлекет башчы Конституцияны өзгөртүү демилгеси – мамлекеттин өнүгүүсү үчүн жасалып жатканын кошумчалады.

27-июлда Жогорку Кеңештеги төрт фракция Конституцияны өзгөртүү үчүн ушул күздө референдум өткөрүү боюнча демилге көтөрүп жатканы белгилүү болгон. Жарандык активисттер муну менен Атамбаев премьер-министрлик кызматка даярдык көрүп жатканын айтып чыгышкан. (UEz\SE\AKu)

XS
SM
MD
LG