Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:48

Апрель соту: жабырлануучулар Жогорку Соттун өкүмүнө нааразы


Бул тууралуу Жогорку Соттун өкүмү чыккан соң Апрел окуяларында каза болгондордун жакындары жана жабырлангандар “Азаттыкка” билдиришти. Жабырлануучулардын адвокаты Нурия Айдабосунованын билдиришинче, негизги күнөөлүүлөр жазага тартылбай жатат. Буга кошумча мурдагы президент Курманбек Бакиевдин жазасынын жеңилдетилиши да нааразычылыкты жаратты.

“Биз соттун өкүмүнө макул эмеспиз. Аябай жаман абалда калдык. Курманбек Бакиевдин өмүр бою кесилгенин 30 жылга түшүрүп койду. Бул туура эмес болуп калды", - деди Айдабосунова.

Бүгүн Жогорку Сот Апрель окуялары боюнча соңку өкүмдү чыгарды. Жогорку Соттун төрага орун басары Качыке Эсеканов жетектеген коллегия апрель ыңкылабынан соң бийликтен кулатылган президент Курманбек Бакиевге карата Республикалык Аскер сотунун өкүмүн өзгөртүп, өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмүн 30 жылга кесүүгө алмаштырды.

Ошондой эле мурдагы мамлекеттик кеңешчи Элмурза Сатыбалдиев, президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Каныбек Жороев, мурдагы башкы прокурор Нурлан Турсункуловго карата Адам укугу боюнча конвенциянын 65 жылдыгына карата жарыяланган мунапысты колдонгон буга чейинки сот өкүмүн жокко чыгарды. Ал эми калган өкүмдөр өзгөрүүсүз калды. (BkA)

XS
SM
MD
LG