Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:30

Бишкек ТЭЦи Кыргызстанда өндүрүлгөн көмүр менен камсыз болушу талап кылынды


Бишкек ТЭЦи Кыргызстанда өндүрүлгөн көмүр менен камсыз болушу керек. Мындай талап бүгүн премьер-министр Сооронбай Жээнбеков өткөргөн өкмөттүк жыйында коюлду.

Жыйында Бишкек ТЭЦин модернизациялоонун жүрүшү, көмүр кендериндеги абал, ТЭЦке көмүр ташып келүү маселелери талкууланды.

Өкмөт башчынын белгилегенине караганда, ТЭЦти өз көмүрүбүз менен камсыздоо бул тармактын өнүгүшүнө өбөлгө түзөт.

Келерки кышта Бишкек ТЭЦи 450 тонна жергиликтүү көмүр сатып алганы жатат. Ал эми кийинки жылдын кышкы сезонуна 1,2 миллион тонна каралууда.

Кыргызстанда көмүр кени көп болгону менен башкаруунун начардыгынан тармактагы абал оор экенин адистер айтууда. (RK)

XS
SM
MD
LG