Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:57

Абхазия ички иштер министри отставкага кетти


Леонид Дзапша.
Леонид Дзапша.

Абхазия баш калаасы Сухумидеги митингден улам ички иштер министри Леонид Дзапша отставкага кетти. Тийиштүү буйрукка Абхазия лидери Рауль Хажимба кол койду.

Митинг 5-июлда оппозициядагы “Амцахара” партиясынын курултайынан соң башталды. Акция катышуучулары кылмыштуулуктун өсүшүнө министрди айыпташты.

Орусия колдоп келаткан Абхазияда 10-июлга референдум белгиленген. Азыркы бийликтин демилгеси менен өтчү жалпы элдик добуш берүүгө президенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүү маселеси коюлат. ТАСС агенттиги билдиргендей, оппозиция шайлоого жакшы даярдык көрүү керектигин айтып, референдумду күзгө калтырууну талап кылууда. Бирок Хажимба бул талапты аткарууну каалабайт.

2008-жылдагы Орусия-Грузия чатагынан соң Абхазия Грузиядан бөлүнгөнүн жарыялаган. Орусия, Венесуэла, Науру жана Никарагуа бийликтери бул өлкөнүн көз карандысыздыгын тааныган.

XS
SM
MD
LG