Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:23

Президент ЕАЭБ жыйынында картөшкө көйгөйүн көтөрдү


Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев, президент Алмазбек Атамбаев жана президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков. Астана, 31-май, 2016
Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев, президент Алмазбек Атамбаев жана президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков. Астана, 31-май, 2016

Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине киргенден кийин бир катар маселелер оң тарапка чечилди. Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев бүгүн Астанада өткөн Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешке мүчө мамлекеттердин башчыларынын жыйынында айтты. Өлкө башчы кыргыз-казак чек арасындагы бажы көзөмөлүнүн алынышы, Орусияда жана ЕАЭБдин башка өлкөлөрүндө мигранттардын абалынын жакшырышы сыяктуу интеграциянын оң жактары болгонун, бирок бирдиктүү темир жол тарифи, кыргыз картөшкөсүнүн Казакстанга киришин чектөө, кыргыз-казак чек арасында ветеринардык көзөмөлдү алуу, Орусия аймагы аркылуу товарларды ташуу жана башка көйгөйлөр бар экенин белгиледи. Ошондой эле бул маселелерди түшүнүп жана кыска мөөнөттө чечүү убадасы үчүн Казакстан менен Орусиянын жетекчилерине ыраазылык билдиргенин президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.

31-майда Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан жана Орусиянын президенттери Астанада Евразия экономикалык биримдигине киргенден кийинки интеграциялык маселелерди талкуулады.

Евразия экономикалык биримдиги 2014-жылы 29-майда Астанада Казакстан, Орусия жана Беларус тарабынан түзүлгөн. Андан кийин ага Кыргызстан жана Армения кошулган. (NT)

XS
SM
MD
LG