Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:36

Эртеңден баштап унааларга жаңы үлгүдөгү номер берилет


Мамкаттоо кызматынын жетекчиси Тайырбек Сарпашев жаңы номурларды көрсөтүүдө.
Мамкаттоо кызматынын жетекчиси Тайырбек Сарпашев жаңы номурларды көрсөтүүдө.

1-июндан тарта Кыргызстандагы унааларга жаңы үлгүдөгү номерлер бериле баштайт. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын маалымат катчысы Мелис Эржигитов кабарлады. Анын айтымында, жаңы үлгүдөгү номерде атайын коргоо белгилери күчөтүлдү. Ошондой эле эл аралык стандарттарга ылайыкташтырылды. Жаңы үлгүдөгү номерде үч тамга, үч сандан турат. Ар бир аймактын белгиси тамга менен эмес, 01ден 09 чейинки сан менен көрсөтүлөт.

Өлкөдөгү автоунаалардан жаңы үлгүдөгү номер берүү чечимин өкмөт былтыр декабрь айында кабыл алган.(BkA)

XS
SM
MD
LG