Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:03

Ирак аскерлери Фаллужа шаарын бошотуу операциясын баштады


Уруш даярдыгы.
Уруш даярдыгы.

Ирактын өкмөттүк күчтөрү Фаллужа шаарынын бошотуу боюнча операциянын биринчи күнүндө калаага танапташ жайгашкан бир нече районду согушкерлерден бошотту. Бул тууралуу Ирак аскер жетекчилери кабарлашты.

Өкмөттүк күчтөр Фаллужанын батышындагы Гарма, Шихаби жана Аль-Сежар райондорун бошотту.

Ирак премьер-министри операция ийгиликтүү өткөнүн кабарлап, бирок жайкын тургундардын өмүрүн сактоо боюнча маселе бар экенин билдирди.

Абади шаардан жайкын тургундардын чыгып кетиши үчүн атайын коридорлор ачылганын кошумчалады.

Бириккен Улуттар уюму Фаллужада 50 миң жайкын тургун калганын жана согуштук аракеттерден улам өмүрү коркунучта экенин билдирип, шаардан чыгуу үчүн коопсуз коридор берүүгө чакырган.

Өлкө борбору Багдаддан 65 чакырым алыстыктагы Фалужа шаарын “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу 2014-жылы ээлеп, азыркы кезге чейин согушкерлер үчүн маанилүү шаар бойдон калууда. Муну менен катар согушкерлер өлкөдөгү экинчи чоң шаар делген Мосул баш болгон бир катар аймактарды ээлеп турат.

Бирок Ирак армиясы согушкерлерден бошотуу боюнча операция жүргүзүп, быйыл Рамади шаарын согушкерлерден тазалаган.

XS
SM
MD
LG