Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:30

Назарбаев каржылаган Оштогу мектеп быйыл окуучуларды кабыл алат


Окуучулар.
Окуучулар.

Бул тууралуу “Азаттыкка” билим берүү жана илим министрлигинин статс-катчысы Калыс Шадыканов кабарлады. Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы атайын келишимдин негизинде былтыр курулушу башталган мектеп бүткөрүлүп, ишке берилгени турат. Мектеп-лицей сентябрдан окууну баштайт. Ошого байланыштуу окуучуларды кабыл алуу быйыл жайдан тарта башталат.

500 балага ылайыкталган мектеп-лицей эксперименталдык окуу планы боюнча иштейт. Окутуу кыргыз, орус жана англис тилдеринде жүрөт.

Мектептин курулушун толугу менен Казакстан каржылаган. Казак президенти Нурсултан Назарбаев курулушка жалпысы 100 миллион сомдой каражат бөлүп берген.

Билим берүү жана илим министри Эльвира Сариеванын буйругу менен мектеп-лицейдин директору болуп педагогика илимдеринин кандидаты, бир нече китептердин автору Кыялбек Акматов дайындалды. Акматов буга чейин Ош мамлекеттик университетинин “Билим” лицейин жетектечү. Калган мугалимдер конкурстук негизде ишке алынат. (ErN)

XS
SM
MD
LG