Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:26

Быйыл 1902 аял Баатыр эне болду


Иллюстрация
Иллюстрация

Президент Алмазбек Атамбаев көп балалуу энелерди “Баатыр эне” ордени жана “Эне даңкы” медалы менен сыйлоо жөнүндө жардыкка бүгүн кол койду. Анын негизинде, жети жана андан көп баланы толук кандуу тарбиялаган 1902 эне “Баатыр эне” ордени менен сыйланат. Ал эми алты баланы толук кандуу тарбиялаган 437 эне – “Эне даңкы” медалын алат.

Энелерге жогорудагыдай сыйлыкты тапшыруу боюнча мамлекет башчынын буйругу жыл сайын Энелер күнүнө карата чыгат.

2012-жылдан тарта өлкөдө Энелер күнү май айынын үчүнчү жекшембисинде белгиленет.

Өткөн жылы 3 654 аял “Баатыр эне” ордени берилген. Ал эми 578 аял “Эне даңкы” медалына ээ болгон. (ZKo)

XS
SM
MD
LG