Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:24

Лукашенко: Биз эч качан Орусиянын кол баласы болбойбуз


Беларус президенти Александр Лукашенко
Беларус президенти Александр Лукашенко

Беларус президенти Александр Лукашенко Орусияны өз өлкөсүнүн төбөлсүздүгүн эске алууга чакырды. Бейшембиде ал жыл сайын өтүүчү беларус элине жана Улуттук жыйынга кайрылуусунда буларды айтты:

- Мен орусиялыктар, өзгөчө Орусия бийлиги биз эч качан алардын кол баласына айланбарыбызды түшүнүшүн каалайм. Биз - өз алдынча, көз карандысыз өлкөбүз. Силер менен бир үйдө жашаганыбыз менен биздин өз батирибиз бар. Өтө чоң эмес болсо да өз батирибиз бар. Бул сөздөр Орусиянын азыркы президенти Путинге тиешелүү.

Лукашенко Орусия Беларустун стратегиялык өнөктөшү болгону менен, анын өлкөсү үчүн Батыш да маанилүү экенин баса белгиледи.

Президент Беларус, Украина жана Орусия “жалпы славян аймагында” ар дайым чогуу жашарын кошумчалады. Ал ошондой эле Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигин (КМШ) реформалоого чакырды.

XS
SM
MD
LG