Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:25

Обама Эр-Риядды Тегеран менен алаканы жакшыртууга чакырды


АКШ президенти Барак Обама жана Сауд Арабиянын падышасы Салман.
АКШ президенти Барак Обама жана Сауд Арабиянын падышасы Салман.

АКШ президенти Барак Обама Сауд Арабия жана Перс булуңундагы өлкөлөргө болгон сапарында Иран менен болгон каршылашууну жумшартууга чакырды. Бул тууралуу кечээ расмий Вашингтон маалымдады. Обама булуңдагы өлкөлөрдү диний чыңалууну басаңдатууга жана “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунан тараган коркунучтарга каршы туруу үчүн Иран менен “муздак тынчтыкка” келүүгө ынандырууну көздөөрүн билдирди.

Барак Обама бул суроону Сауд Арабиянын падышасы Салман менен жолукканда көтөргөн эмес. Ошентсе да ал жолугушууда сунни өлкөлөрүнүн коңшу Иран менен жакшы алакада болушун кааларын кыйыр түрдө билгизгенин АКШ президентинин кеңешчилери билдиришти.

Иран менен Сауд Арабиянын ортосундагы чыңалуу жыл башынан бери футболдон баштап мунай өндүрүүгө чейинки бардык тармактарга өз кедергисин тийгизди. Обама ошондой эле Перси булуңундагы өлкөлөрдү Иракка “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна каршы күрөштө жана Рамади сыяктуу шаарларды калыбына келтирүүдө көмөк көргөзүүгө чакырды.

XS
SM
MD
LG