Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:28

АКШ Иракка кошумча аскер менен тик учактарын жөнөтөт


Apache тик учагы
Apache тик учагы

АКШ "Ислам мамлекети" террордук тобуна каршы күрөшкө колдоо көрсөтүү максатында Иракка кошумча 200 аскери менен Apache деп аталган бир канча тик учак жөнөтө турган болду. Бул тууралуу бүгүн Багдадга алдын-ала айтылбаган иш сапары менен келген АКШ коргоо министри Эш Картер билдирди. Ал Ирак жетекчилиги менен аталган террордук топко каршы күрөштө кошумча колдоо көрсөтүү маселелерин талкуулоо үчүн келген. Ошол макулдашуудан кийин жасалган бул билдирүү террордук топтун колундагы Мосул шаарына көзөмөлдү кайтаруу үчүн чабуул жасалып жаткан учурга туш келди.

Буга чейин президент Барак Обама Ирактагы АКШ аскерлеринин санын 217 жоокерге - 3870тен 4087ге көбөйтүү ниетин айткан.

АКШ баштаган эл аралык коалициялык күчтөр бир жылдан ашуун убактан бери "Ислам мамлекети" тобунун согушкерлерине каршы Ирак менен Сирияда аба соккуларын жасап келатат.

XS
SM
MD
LG