Бул тууралуу Германиянын тышкы иштер министри, Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун азыркы төрагасы Франк-Вальтер Штайнмайер Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев менен жолугушуунун жыйынтыгы боюнча өткөн маалымат жыйынында билдирди.
Штайнмайердин Бишкекке сапары

1
Штайнмайер өлкөгө акыркы жолу он жыл мурун келгенин, 2010-жылдан бери Кыргызстан парламенттик демократияга багыт алганын, Германия аны өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүүгө даяр экенин белгиледи.

2
Ошондой эле диний экстремизмге каршы күрөшүү, экономика жана инфраструктура тармактары боюнча кызматташтыкты кеңейтүү зарылдыгын айтты.

3
Германиянын тышкы иштер министри сапардын алкагында кыргыз бийлиги менен саясаттан тышкары экономика тармагындагы кызматташтык маселеси көтөрүлгөнүн айтып, Кыргызстанды быйыл Берлинде өтө турган бизнес-форумга чакырды.

4
Штайнмайер жетектеген немис делегациясынын курамында маданият, илим чөйрөсүнүн өкүлдөрү, ишкерлер жана Бундестагдын депутаттары бар.

5
Мындан тышкары Кыргызстанда 2002-жылдан бери иштеп жаткан ЕККУнун академиясына колдоо көрсөтүп жатканы үчүн кыргыз өкмөтүнө ыраазычылык билдирди.