Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Апрель, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:53

Бишкекте жоголгон студент кыздар табылды


Иллюстративдик сүрөт.
Иллюстративдик сүрөт.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, Кыргыз-орус славян университетинин жоголду делген эки студент кызы табылып, үйлөрүнө келишти.

Эки кыз ата-энеси менен Ленин райондук ички иштер башкармалыгына чакырылып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Азырынча кыздар кайда болгонун айтпай жатышат.

7-март күнү алардын ата-энелери милицияга арыз менен кайрылышкан. Буга кыздардын 5-март күнү кечкинде көчөгө чыгып кеткен бойдон келбей калгандары себеп болгон. (AzK)

XS
SM
MD
LG