Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:11

Президент теолог Кадыр Маликов менен диний кырдаалды талкуулады


Президент 25-январда белгилүү теолог Кадыр Маликовду кабыл алды.
Президент 25-январда белгилүү теолог Кадыр Маликовду кабыл алды.

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 25-январда белгилүү теолог Кадыр Маликовду кабыл алды.

Жолугушууда Алмазбек Атамбаев менен теолог Кадыр Маликов өлкөдөгү диний кырдаалды, терроризмге жана диний экстремизмге каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик органдар көрүп жаткан чараларды, ошондой эле диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын концепциясынын турмушка ашырылышын талкуулашты. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашты.

Мамлекет башчысы экстремисттик багыттагы кылмыштардын алдын алууда жана өлкө жарандарынын коопсуздугуна келчү коркунучтарды болтурбоо чараларын өз убагында көрүүдө эксперттик коомчулуктун ролу өзгөчө экендигин баса белгиледи.

Теолог Кадыр Маликов ага дарылануу учурунда көрсөтүлгөн колдоосу жана жардамы үчүн президентке ыраазычылык билдирди.

Маликов жолугушуу соңунда өлкө башчысы саат белек кылганын “Азаттыкка” билдирди.

Кадыр Маликовго 2015-жылдын 26-ноябрда Бишкекте кол салуу болуп, анын бетине бычак шилтешкен. Маликов кол салгандар "Ислам мамлекетинин" тарапкерлери болгонун билдирген. Милициянын маалыматы боюнча, Маликовго кол салгандан кийин Тилек уулу Алибек менен Рыскул Бейшеналиевди Казакстан, Түркия аркылуу Сирияга өтүп бараткан мезгилде түрк полициясы кармаган. Алар кылмышты жасаганын моюнуна алганы расмий кабарланган.

Дин таануучу жана коомдук ишмер Кадыр Маликов “Дин, укук жана саясат” аналитикалык борборун жетектейт. Ал жергиликтүү жана эл аралык диний экстремисттик топторду, радикал, террорчул уюмдарды катуу сындап келе жатканы менен белгилүү.

XS
SM
MD
LG