Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:04

Султан Раевдин “Жанжаза” китеби Лондондо орусча басылды


"Жанжаза" романы
"Жанжаза" романы

Кыргыз эл жазуучусу Султан Раевдин “Жанжаза” романы Лондондо орус тилинде жарык көрдү. Бул тууралуу “Азаттыкка” жазуучу өзү билдирип, чыгарманы басып чыгаруу демилгесин Британиядагы басмаканалар көтөргөнүн айтты. Китептин бет ачары Лондондо өткөн “Эл аралык адабият жана китеп” форумунун алкагында болду. Ага 28 өлкөдөн 800дөн ашуун акын-жазуучулар катышты. Эки миң нускадагы китеп Англиядагы орус тилдүүлөргө арналган.

- Англияда бир жарым миллиондон ашуун орус тилдүү окурмандар бар. Келерки жылы англис тилинде чыгарууну пландап жатабыз,- деди Раев.

Султан Раев форумдун алкагында кыргыз адабиятынын азыркы абалы тууралуу Кембриж университетинде дарс окуду.

Европадагы жаңы адабий агымга жакындаштырылып жазылган “Жанжаза” романы психологиялык, философиялык чыгарма болуп эсептелет. Өткөн жылы кыргызча басылган. (SE)

XS
SM
MD
LG