Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:07

Алты миллионунчу кыргызстандыктын ата-энесине төрт бөлмөлүү үй берилди


Алты миллионунчу кыргызстандык кыздын энеси Рахат Белекова.
Алты миллионунчу кыргызстандык кыздын энеси Рахат Белекова.

Президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары Нуржан Шайлдабекова менен социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министр Гүлмира Кудайбердиева 6 миллионунчу наристенин ата-энесине төрт бөлмөлүү үйдүн күбөлүгүн тапшырды. Президенттин атынан 100 миң сом сүйүнчү акча жана Айлиндин атына ачылган миллион сомдук депозиттин күбөлүгүн да карматышты.

Айлинге туулгандыгы тууралуу алтын күбөлүк берилип, энеси менен төрөтканадан үйүнө чыгарылды. Кудайбердиева Оштун Моторная көчөсүндөгү төрт бөлмөлүү үйдүн ачкычын жакын арада өкмөт башчы өзү тапшырарын кошумчалады.

Кыргызстандын 6 миллионунчу жараны Ошто 25-ноябрда төрөлгөн. Ымыркайдын атасы Алмаз Кожошев аскер кызматкери, энеси Рахат Белекова үй кожойкеси. Айлин деп ысым ыйгарылган кыз үй-бүлөдө 6-болуп төрөлдү. (UEz/YI)

XS
SM
MD
LG