Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:22

Грузиядагы согуш иликтенет


Гаагадагы Эл аралык кылмыш сотунун прокурору Фату Бенсуда 2008-жылдагы Грузия жана Орусия ортосундагы куралдуу кагылышты иликтөөгө аларын билдирди. Ал эки өлкөнүн аскерий аракеттери учурунда согуштук кылмыштар жасалышы мүмкүн деп эсептейт.

2008-жылы Түштүк Осетиянын айынан Грузия менен Орусия ортосунда согуш тутанган. Беш күндүк согуштун жыйынтыгында, Орусия Түштүк Осетиядан грузин аскерлерин сүрүп чыгарган. Кийин Грузиянын дагы бир жикчил аймагы Абхазиянын Тбилисиден көз карандысыздыгын расмий тааныган.

Прокурор Бенсуда Түштүк Осетиянын күчтөрү 100дөн ашуун жайкын тургундарды, этникалык грузинди өлтүргөнү тууралуу маалыматтар бар экенин билдирди. Буга орусиялык аскерлердин тиешеси болушу ыктымалдыгы айтылууда. Мунун айынан жаңжал чыккан аймактарда этникалык грузиндердин саны 75 пайызга кыскарган. Ал бул үчүн эки тарап тең жоопкер экенин айтты. Ошондой эле 18,5 миңдей адам өз турактарын таштап качышкан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG