Акын Барчынбек Бугубаев 52 жаш кураганда дүйнөдөн өттү. Бул тууралуу акындын калемдештери кабарлады.
Барчынбек Бугубаев Кыргыз мамлекеттик университетин бүткөндөн кийин эмгек жолун Лингвистика кафедрасында иштөөдөн баштаган. 1990-жылдан «Путь к знаниям» («Билимге жол») гезитинин редактору, 1991–1995-жылдары Мамлекеттик Телерадиокомпаниянын көркөм адабият бөлүмүнүн редактору, 2000-жылдан Чүй университетинде эмгектенген.
Акындын чыгармачылык жолу 1980-жылы «Жаш ленинчи» журналына жарыяланган «Китеп» аттуу ырынан башталып, “Ак бороон”, “Адамзатка кайрылуу” аттуу китептери жарык көргөн. 1988-жылдан бери Кыргызстан Жазуучулар союзунун мүчөсү. Кыргыз Республикасынын жаштар сыйлыгынын лауреаты.
Бугубаев 1963-жылы 15-майда Кочкор районундагы Көк-Жар айылында туулган. (ZA)