Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:40

Атамбаев Бүргөндү массивине барат


Бүргөндү массиви курула баштаган учур. 2013-жыл.
Бүргөндү массиви курула баштаган учур. 2013-жыл.

Президент Алмазбек Атамбаев Баткен облусуна жасаган эки күндүк иш-сапарын бүгүн жыйынтыктайт. 16-сентябрда президент Исфана шаары жана Лейлек районунун жашоочулары менен жолуккан. Бүгүн Баткен облустук Ички иштер башкармалыгынын кызматкерлерине курулган 24 батирлүү үйдүн ачылыш аземине катышат. Андан сырткары, кыргыз-өзбек чегине жакын Бүргөндү массивине барып, ал жердеги абалды көрөт. Аталган массив Өзбекстандын Сох анклавын айланып өткөн. Аны курууга үч жыл мурун Ташкен нааразылыгын билдирген.

Мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлагандай, Атамбаев Кызыл-Кыя шаары жана Кадамжай районундагы аймактык ооруканалардын абалы менен да таанышат. Андан ары Ошко келип, Мамыров көчөсүндөгү суу резервуарынын курулушун көрүп, жумушчу сапарын жыйынтыктайт. (SE)

XS
SM
MD
LG