Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:41

Медведев Жапонияны нааразы кылды


Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведевдин Курил аралдарына иш-сапар менен барышы жапон өкмөтүн нааразы кылды.

Жапониянын Тышкы иштер министрлиги Орусиянын өлкөдөгү элчиси Евгений Афанасьевге нааразылык нотасын тапшырды. Жапон массалык маалымат каражаттары бул өлкөнүн тышкы иштер министри Фумио Кисиданын августтун аягына белгиленген Орусияга сапары токтотулганын жазып чыгышты.

Медведев ишемби күнү Ыраакы Чыгышка сапарында Курилдеги Итуруп аралына барган. Ал жерде орусиялык жаштардын билим берүү боюнча форуму өтүп жаткан. Орус өкмөт башчысы журналистер алдында сүйлөп жатып Курил аралдарына заманбап, согушка жарамдуу аскердик топ керек экенин билдирди.

Медведев буга чейин эки жолу Курил аралдарына барганда да жапон өкмөтү нааразылык билдирген. Расмий Токио Курилдин бир нече аралдарын өзүнө таандык деп эсептейт. Москва болсо Курил аралдары Экинчи Дүйнөлүк согуштун соңунда СССРдин курамына киргенин, анын суверенитети кайра каралбасын айтып келет.

XS
SM
MD
LG